Мальтанын Президенти Мириам Спитери Дебоно Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“1993-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Мальта менен Кыргызстан өз ара сый-урмат жана кызматташтыкка негизделген достук мамилелерин улантып келе жатышат. Өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө эки жактуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө үмүттөнөм”, - деп айтылат билдирүүдө.
Мириам Спитери Дебоно Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.