Палестина Мамлекетинин Президенти, Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун Аткаруу комитетинин Төрагасы Махмуд Аббас Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Жүрөккө жакын бул улуттук майрамды Сиздер менен тең бөлүшүп, эки элди байланыштырып турган өз ара урмат-сыйга жана бир туугандык мамилелерге сыймыктанарыбызды билдиребиз. Ошондой эле элибиздин эркиндикке жана көз карандысыздыкка болгон мыйзамдуу укуктарын колдогон Кыргызстандын позициясын жогору баалап, жалпы кызыкчылыктарыбыздын алкагында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө умтулабыз. Сизге болгон терең урматымды жана жогорку ыраазычылыгымды кабыл алыңыз”, - деп айтылат куттуктоодо.