Бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты
Новость

Бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты.

“Эгемендүүлүк жылдарында Кыргыз Республикасы Борбордук Азияда тынчтыкты, туруктуулукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө олуттуу салым кошту. Өлкөнүн ынак коңшулук, диалог жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салуу принциптерине туруктуу кармануусу аймактагы өз ара ишенимди жана кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүү фактору болуп калды. Коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелеринин жөнгө салынышы, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстан менен маанилүү келишимдердин түзүлүшү чек ара аймактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана аймактык тынчтыкты бекемдөөгө кошумча шарттарды түзүүдө”, - деп айтылат БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун жетекчиси Каха Имнадзенин билдирүүсүндө.

“Эгемендүүлүктүн 35 жылында, айрыкча акыркы жылдары Кыргызстан коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмуштун бардык тармактарында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Кыргыз Республикасы эл аралык күн тартибиндеги көптөгөн актуалдуу маселелерди чечүүдө жигердүү роль ойнойт”, - деп айтылат Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаевдин телеграммасында.

“Кыргыз Республикасынын эл аралык позициясында да олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат, ал системалуу түрдө эл аралык аренада өз ордун бекемдеп, аймактык жана эл аралык процесстердин суроо-талапка ээ катышуучусуна айланууда. Өз кезегинде “Борбордук Азия - Кытай” форматынын Катчылыгы мындан ары да элдерибиздин ортосундагы салттуу достукту тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтөт”, - деп белгиледи “Борбордук Азия - Кытай” форматынын Башкы катчысы Сунь Вэйдун өзүнүн куттуктоосунда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Башкы директору Цюй Дунъюй Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Улуттук майрамыңыздарга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге чың ден соолук жана бакыт-таалай каалоого уруксат этиңиз. Өлкөңүздөрдүн элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоодо.