Николай Басков Караколдуктарды Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Новость

Орусиялык белгилүү ырчы Николай Басков Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен кыргызстандыктарды, анын ичинде Каракол шаарынын тургундарын жылуу куттуктады.

Куттуктоодо ырчы Кыргызстанга жана Каракол шаарына болгон жылуу мамилесин билдирип, өлкөнүн элине ак тилектерин жолдогон.

Каракол шаарынын мэриясы Николай Басковго жылуу куттуктоосу жана жакшы каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, шаар аны кайрадан тосуп алууга ар дайым даяр экенин белгиледи.

Бүгүн, 31-августта, Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган чоң майрамдык концерт өтөт.

Майрамдык иш-чара борбордук аянтта уюштурулуп, шаар тургундары жана коноктору чакырылууда.