Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.
Ал 31-августта "Манас" эл аралык аэропортуна келип, аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн келди.
Ага Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылууда. Быйыл Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган мааракелик саммит өтөт.




