Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапары менен келди
Новость

Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапары менен келди.

Шахбаз Шарифти 31-августта "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Пакистандын Премьер-министри Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышат.

Сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Шахбаз Шарифке Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылууда. Быйыл Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган мааракелик саммит өтөт.