Бүгүн, 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Аренада" VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.
Иш-чараны Кыргызстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы түз эфирде көрсөтөт.
Көрүүчүлөр дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчулардын катышуусундагы салтанаттуу ачылыш аземине, маданий программага жана улуттук өнөрлөрдүн көрсөтүлүшүнө күбө боло алышат.