Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.
Новость

Александр Лукашенкону "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Беларусь Республикасынын Президенти Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн келди.

Александр Лукашенкого Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкек шаарында быйыл ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган мааракелик саммит өтөт.