ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери саммитке катышуу үчүн "Ырыс Ордо" Конгресс-борборуна келишти
Новость

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин лидерлери мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Бишкектеги "Ырыс Ордо" Конгресс-борборуна келишти.

Саммитке Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди, Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин катышууда.

Мамлекет башчыларын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Расмий тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары саммиттин жыйыны өтүүчү залга өтүштү.