Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр болгон аты жок тоо чокусуна "Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу" деген географиялык аталыш ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Жарлык Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана 2026-жылы Кыргызстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын өткөрүүгө байланыштуу кабыл алынды.
Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте аталган тоо чокусуна "Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу" деген аталыш ыйгаруу маселесин кароо тапшырылды.
Ошондой эле Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүгө тийиш.