
Сыйлуу конок үчүн сапар Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулду. Анда Рустам Минниханов Кыргызстандын уникалдуу жаратылышы менен жакындан таанышты.
Министр Акыл Токтобаев биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жаратылыш экосистемаларын коргоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Жолугушууда Кыргызстандын тоолуу экосистемаларынын жаратылыш мурасындагы мааниси белгиленип, сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын түрлөрүн сактоо маселелери талкууланды.
Сапар расмий эмес шартта Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын көрсөтүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.





