Александр Лукашенко ШКУнун дүйнөлүк аренадагы таасирин күчөтүү зарылдыгын айтты
Новость

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Шанхай кызматташтык уюму дүйнөлүк аренадагы таасирин күчөтүшү керектигин билдирди.

Ал ШКУга мүчө мамлекеттер эбегейсиз калкка, ири ресурстарга жана олуттуу экономикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгиледи. Ошол эле учурда уюм эл аралык маанилүү чакырыктарга дайыма эле биргелешип жооп бере албай жатканын айтты.

Лукашенко буга мисал катары ШКУ өлкөлөрүнө киргизилип жаткан каржылык-экономикалык санкцияларды, АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода тирешин жана Ирандын айланасындагы кырдаалды атады.

"ШКУ мамлекеттерине каржылык-экономикалык санкциялар киргизилип жатат. Анан эмне болду? АКШ Кытайды бажы төлөмдөрү менен муунтууга аракет кылууда. Анан эмне болду?" - деди Беларусь лидери.

Анын пикиринде, Шанхай кызматташтык уюму калыптанып жаткан көп уюлдуу дүйнөдөгү негизги күч борборлорунун бирине айлана алат.

Лукашенконун бул көз карашы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУнун ролун күчөтүү зарылдыгы тууралуу позициясына үндөшөт. Си Цзиньпин буга чейин уюмдун глобалдык башкаруудагы ролун жогорулатуу, эл аралык туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылуу маселелеринде активдүү позицияда болуу зарылдыгын белгилеп келген.