Беш өлкөнүн биринчи айымдары кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү менен таанышты
Новость

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова чет мамлекеттерден келген биринчи айымдарга кыргыз элинин маданиятын жана кол өнөрчүлүгүн тааныштырды.

Айгүл Жапарова менен бирге Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева, Кытайдын биринчи айымы Пэн Лиюань, Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган жана Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Мирзиёева Бишкекте уюштурулган колго жасалган уникалдуу буюмдардын көргөзмөсүнө барышты.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө коноктор кыргыз усталарынын эмгектери, улуттук кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү жана элдик чыгармачылык менен жакындан таанышты.

Иш-чаранын соңунда чет элдик меймандар үчүн концерттик программа тартууланды. Анда балдар чыгармачыл жамааттарынын аткаруусунда музыкалык чыгармалар жаңырып, кыргыз маданиятынын өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.