В.В. Путин: БУУнун мүмкүнчүлүктөрү толук пайдаланылбай жатат
Новость

Россиянын президенти Владимир Путин ШОС+ форматындагы саммитте Бириккен Улуттар Уюмунун мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу жана анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Россия лидери дүйнөлүк аренада БУУнун ролун мындан ары да күчөтүүгө багытталган аракеттерди көрүү маанилүү экенин айтты. Анын пикиринде, уюм эл аралык мамилелердин негизги институту катары өз ордун сактап, дүйнөлүк маселелерди чечүүдө борбордук ролду аткарууга тийиш.

Путин БУУнун ишмердигиндеги айрым жагдайлар Москваны канаатандырбай  жатканын белгиледи. Ошол эле учурда мындай көйгөйлөр буга чейин да болгонун айтып, аларды чечүү үчүн конструктивдүү диалог жана биргелешкен аракет зарыл экенине токтолду.

Россия Президенти БУУнун Уставы эл аралык укуктун негизги булагы жана мамлекеттер ортосундагы мамилелерди жөнгө салган маанилүү документ бойдон калышы керектигин баса белгиледи.

"БУУ дүйнөлүк иштерде башкы орунду ээлеши керек", - деген Путин уюмдун ишинин натыйжалуулугун арттыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.

Ошондой эле Россия тең укуктуулукка, өз ара урматтоого жана эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкка негизделген мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Путин Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердигине дүйнө жүзүндө кызыгуу өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, уюмдун курамындагы мамлекеттердин экономикалык, саясий жана гуманитардык потенциалы ШКУнун эл аралык аренадагы ролун мындан ары да кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Россия лидери ШКУ+ форматы ар түрдүү мамлекеттердин пикир алмашуусу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүсү үчүн маанилүү аянтча болуп бара жатканын белгиледи.