Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы Пакистанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу саммиттин жыйынтыгы боюнча маалыматта айтылды. (Министерство иностранных дел Пакистана)
Мындан ары Исламабад уюмдун ишин координациялап, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынын өткөрүүгө даярдык көрөт. Кийинки саммит 2027-жылы Пакистандын борбору Исламабадда өтөт.
Ошондой эле Бишкекте өткөн жыйында Пакистандын Лахор шаары 2026–2027-жылдарга ШКУнун туристтик жана маданий борбору деп жарыяланды. Бул чечим уюмга мүчө мамлекеттердин маданий жана туристтик кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.