Кырчында "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасы меймандар үчүн эшигин ачты
Новость

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы негизги маданий аянтчалардын бири — "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасы иштей баштады.

Бүгүнтөн тарта Кырчынга келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк меймандар кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы, кол өнөрчүлүгү жана улуттук ашканасы менен жакындан тааныша алышат.

Этношаарчада кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган атайын этно-базар уюштурулган. Анда улуттук кол өнөрчүлүктүн салттуу үлгүлөрү менен катар заманбап буюмдар да сунушталууда.

"Көчмөндөр ааламы" этношаарчасынын расмий ачылыш аземи 2-сентябрда өтөт. Анын алкагында маданий иш-чаралар уюштурулуп, кыргыз элинин каада-салтын, кол өнөрчүлүгүн жана көчмөндөрдүн жашоо-турмушун чагылдырган атайын жайлар меймандарга тартууланат.

Этношаарча 6-сентябрга чейин иштеп, конокторду кабыл алат. Кирүү акысыз.