ШКУ өлкөлөрү жасалма интеллект жаатында кызматташат
Новость

Бүгүн, 1-сентябрда борбор калаада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин лидерлеринин кезектеги саммити өттү.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн жыйындын жыйынтыгында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Алардын катарында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда жасалма интеллект жаатында өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум да бар.

Документ жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүү жана бул багытта мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.