Эл аралык мамилелерде күчтүү мамлекеттер алсыз мамлекеттерге үстөмдүк кылбашы керек. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекте өтүп жаткан "ШКУ плюс" жыйынында билдирди. Жыйын Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммитинин алкагында өтүүдө. (Президент Кыргызстана)
Кытай лидери кесиптештерин жана дүйнөлүк коомчулукту тең укуктуу көп уюлдуу дүйнөнү курууга чакырды.
"Биз жалпы адамзаттык баалуулуктарды өнүктүрүп, кош стандарттардан, өзгөчөлөнүүдөн, кийлигишүүдөн, кысым көрсөтүүдөн жана күчтүүсү алсызына үстөмдүк кылган саясаттан баш тартышыбыз керек. Эл аралык мамилелерде демократияны өнүктүрүү зарыл", — деди Си Цзиньпин.
Ал Кытай тең укуктуу көп уюлдуу дүйнөнү калыптандырууну жактай турганын белгиледи.
Си Цзиньпиндин пикиринде, ири мамлекеттер эл аралык эрежелерди жана мыйзам үстөмдүгүн сактоодо үлгү көрсөтүшү зарыл. Бул глобалдык көйгөйлөргө биргелешип каршы турууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, Кытайдын төрагасы Бириккен Улуттар Уюмунун аброюн калыбына келтирип, ага жаңы дем берүү маанилүү экенин айтты.
Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммити 2025–2026-жылдардагы Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын жыйынтыктоочу негизги иш-чарасы болуп саналат.