Бишкек — ШКУнун коопсуздук борборуна айланат
Новость

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору иштей баштайт. Бул Кыргызстандагы ШКУнун биринчи туруктуу иш алып баруучу түзүмү болмокчу.

Тиешелүү чечим бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде кабыл алынды.

Жаңы борбор ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн базасында түзүлүп жаткан чакырыктарга жана коопсуздукка болгон коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча Универсалдуу борбордун курамына кирет.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жаңы түзүмдүн ишин баштоого даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны өттү. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгын жыйынтыктап, төрагалыкты Пакистанга өткөрүп берди.