Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн "ШКУ плюс" саммитинин жыйыны аяктаганын жарыялады.
Мамлекет башчысы саммиттин катышуучуларына пикир алмашуу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөрдүн көз караштары жана сунуштары ар башка болгонуна карабастан, диалогду сактап, эл аралык укуктун негизинде чечимдерди издөөнүн зарылдыгы боюнча бир пикир бар экенин белгиледи.
Садыр Жапаров мындай форматтагы жолугушуулар өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө маанилүү салым кошорун белгиледи.
Эске салсак, Бишкекте өткөн "ШКУ плюс" саммитине 18 мамлекеттин жана жети эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты.