"Бирдей ой жүгүртүү" талабы болбошу керек: Садыр Жапаров адилеттүү дүйнөлүк тартиптин эрежелерин белгиледи
Новость

Адилеттүү дүйнөлүк тартип бир түрдүүлүктү эмес, мамлекеттердин эгемен тандоосун урматтоону талап кылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн "ШКУ плюс" жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы адилеттүү дүйнөлүк тартипти калыптандыруу мамлекеттердин эгемен тандоосун урматтоону, эл аралык милдеттенмелерди аткарууну жана диалогду сактоону талап кыларын белгиледи.

"Адилеттүү дүйнөлүк тартип бардык мамлекеттердин бирдей ой жүгүртүүсүн талап кылбайт. Ал башка нерсени — бири-бирибиздин тандообузду урматтоону, алган милдеттенмелерибизди аткарууну жана эң оор мезгилдерде да диалогду токтотпоону талап кылат", — деди Садыр Жапаров.

Президент Бишкекте өткөн саммит мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрү жоопкерчилик менен пайдаланылган, ар бир мамлекеттин үнү угулган, ал эми элдердин коопсуздугу жалпы эл аралык принциптердин негизинде камсыз кылынган дүйнөнү калыптандырууга дагы бир кадам болорун кошумчалады.

"Кыргызстан адилеттүү көп полярдуу дүйнө кимдир бирөөгө каршы эмес, бардыгынын жыргалчылыгы үчүн курулушу керектигине ынанат. Дал ушундай дүйнөнү биз биргеликте курууга даярбыз", — деди президент.