Шанхай кызматташтык уюму акыркы 25 жыл ичинде саясий, экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн абройлуу аянтчасына айланды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн "ШКУ плюс" жыйынында билдирди.
Мамлекет башчысы күчтүү аймактык уюмдар эл аралык мамилелерди бекемдеп, туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
"Күчтүү аймактык уюмдар эл аралык мамилелердин универсалдуу системасын бекемдеп, аны кыйла туруктуу кылат, жалпы принциптерди элдерибиздин реалдуу муктаждыктарына жакындатат", — деди президент.
Садыр Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттер жана "ШКУ плюс" форматы эл аралык тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө кошкон салымын күчөтө ала турган үч негизги багытты атады.
Алардын катарында превентивдүү дипломатияны өнүктүрүү, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө БУУ менен практикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, ошондой эле адилеттүү жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу белгиленди.
Президент саясий пикир келишпестиктердин кризиске, ал эми кризистин куралдуу тирешүүгө айланып кетишине жол бербөө зарылдыгын белгиледи.
"Биз саясий пикир келишпестиктер кризиске, ал эми кризис куралдуу тирешүүгө айланганга чейин аракет кылууну үйрөнүшүбүз керек. Бул үчүн тараптардын позициялары олуттуу айырмаланган учурларда да байланыш каналдарын сактоо зарыл", — деди Садыр Жапаров.