Антониу Гутерриш дүйнөлүк институттарды реформалап, БУУнун ролун күчөтүүгө чакырды
Новость

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Бишкекте өтүп жаткан "ШКУ плюс" саммитинде сөз сүйлөп, дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү эске алуу менен эл аралык институттарды реформалоо жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин өкүлчүлүгүн кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, дүйнө барган сайын көп полярдуу мүнөзгө ээ болууда жана бул тенденцияны бекемдөө зарыл.

"Көп полярдуулук дүйнөлүк башкарууда жана эл аралык мамилелерде адилеттүүлүктү камсыз кылуунун зарыл шарты", - деди БУУнун Башкы катчысы.

Гутерриш азыркы эл аралык уюмдардын түзүмү көп жагынан Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки мезгилде калыптанган бойдон калганын белгиледи.

"Биз заманбап реалдуулукту чагылдыруу үчүн көп тараптуу институттарды, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмун жана Бреттон-Вуд системасын реформалашыбыз керек. Ошондой эле адилеттүү дүйнөлүк тартипти түзүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкүлчүлүгүн жана таасирин кеңейтүү зарыл", - деди Антониу Гутерриш.

БУУнун Башкы катчысы эл аралык кызматташтыктын төрт негизги багытын белгиледи:

  • дүйнөлүк коопсуздукту камсыз кылуу;
  • өнүгүүнү каржылоо;
  • климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү;
  • жасалма интеллектти жөнгө салуу.

Эске салсак, "ШКУ плюс" саммитинде эл аралык жана аймактык коопсуздук, туруктуу өнүгүү, кызматташтыкты бекемдөө жана башка эл аралык бирикмелер менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.