ШКУнун башкы катчысы Кыргызстандын төрагалыгын жогору баалады
Новость

Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусуна жогорку баа берди. Ал Кыргызстандын төрагалыгы мазмундуулугу, масштабдуулугу жана чыгармачыл демилгелери менен өзгөчөлөнгөнүн белгиледи.

Төрагалык мезгилде Кыргызстанда 200дөн ашуун иш-чара өткөрүлүп, ал эми ШКУга мүчө мамлекеттердин аймагында жалпысынан 460тан ашык ар кандай деңгээлдеги иш-чара уюштурулган.

Кыргызстандын төрагалыгы учурунда ШКУнун эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө да өзгөчө көңүл бурулду. Уюм Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде байкоочу статусуна ээ болду. Ошондой эле ШКУ–КМШ–ЖККУ форматында үч тараптуу жол картасына кол коюлуп, Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык түзүмдөр менен кызматташтык кеңейтилди.

Мындан тышкары, саммитте өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган мамлекеттерге жардам көрсөтүү боюнча билдирүү кабыл алынды. Башкы катчынын айтымында, бул документ өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам жардам көрсөтүүнүн атайын механизмин түзүүгө жасалган алгачкы кадам болуп калды.