1-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде күрөштүн үч түрү - монгол бох, гореш жана кураш боюнча 100 килограммдан жогорку салмак категориясындагы мелдештер жыйынтыкталды.
Монгол бох боюнча жалпы 14 спортсмен күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун -Анар Дорж (Монголия)
2-орун -Монге Эртине Куулар (Россия)
3-орун -Сурлиге Сурлиге (Кытай)
3-орун -Орозбек Аширов (Кыргызстан)
Гореш боюнча 31 мамлекеттен келген спортсмендер күч сынашты. Байгелүү орундар:
1-орун -Аннагурбан Аллабердиев (Түркмөнстан)
2-орун -Асанкелди Нурказым уулу (Кыргызстан)
3-орун -Илиосбек Мирзакматов (Өзбекстан)
3-орун - Надер Софизада (Афганистан)
Кураш боюнча 21 мамлекеттен келген спортсмендер күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында:
1-орун - Нумонжон Ражабов (Өзбекстан)
2-орун -Садег Азаранг (Иран)
3-орун -Кемал Кемалов (Түркмөнстан)
3-орун -Тилек Куралов (Кыргызстан)
Мелдештин байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орунду ээлеген спортсмендерге 100 миң сом, 2-орунга — 80 миң сом, 3-орунга — 50 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.






