Садыр Жапаров "Росатом" компаниясынын жетекчисин "Достук" ордени менен сыйлады
Новость

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачевди «Достук» ордени менен сыйлады.
Сыйлык тапшыруу аземи Бишкек шаарында Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин расмий сүйлөшүүлөрүнүн алкагында өттү.

Мамлекеттик сыйлык мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн тапшырылганы белгиленди.
Эске салак, "Достук" мамлекеттик ордени мындан тогуз жыл мурда негизделген. Ал биринчи даражадагы мамлекеттик сыйлыктардын катарына кирет жана элдердин ортосундагы тынчтыкты, ынтымакты жана достук мамилелерди бекемдөөгө кошкон өзгөчө салымы үчүн ыйгарылат.