Кыргызстандын жарандары 2026-жылдын 15-сентябрынан тарта Таиландга визасыз кирип, өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу Таиланддын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жаңы тартип Кыргызстандын кадимки жарандык паспортунун ээлерине да тиешелүү. Кыргызстан Таиландга визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн жаңы тизмесине киргизилди.
Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандыктар Таиландга келгенден кийин Visa on Arrival визасын алып, өлкөдө 15 күнгө чейин жүрө алышчу. 15-сентябрдан тарта мындай виза талап кылынбайт. Ошол эле учурда, Таиланддын жарандары үчүн Кыргызстанда да 30 күнгө чейин визасыз жүрүү режими колдонулат.