VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Нарын облусу Кырчын жайлоосуна 25 боз үй тикти. Анын 20сы Нарын ордосуна жана “Биримдик кербени” жайгашкан аймакка дагы 5 боз үй тилгилип, улуттук каада-салтты, маданиятты жана кол өнөрчүлүктү даңазалаган иш-чараларга даярдыктар көрүлдү.
Бүгүн, 2-сентябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасындагы Нарын облусунун ордосуна келди.
Нарын облусу жалпы 10 кароо-сынакка катышат. Анын ичинен төрт сынак 3-сентябрда Нарын ордосунда өткөрүлөт. Облустар аралык кароо-сынактардын ичинен Нарын облусу “Хан көтөрүү” салтын көрсөтөт.
Ал эми бүгүн, 2-сентябрда үй-бүлөлүк "Жашоо жарыш" сынагында Нарын облусунун намысын Ак-Талаа району коргойт. Кароо-сынактарда Жумгал району 125 боз үй менен “Хан ордо”, Нарын району “Мыкты мейман боз үй”, Ат-Башы району “Мыкты даам” менен күч сынашса, Нарын мамлекеттик университети тери иштетүү, К.Мамбеталиева атындагы Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейи саймачылык боюнча сынакка катышат.
Мындан тышкары, боз үйдү тез чечип, жыйноо боюнча “Шамдагайлар” сынагына облустун үч району катышат. Аны менен катар эле ар бир райондун “Биримдик кербени” үчүн бирден боз үй тигип, көчмөндөрдүн улуттук баалуулуктарын, ынтымагын жана биримдигин көрсөтүүгө салым кошууда.




