"Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаров менен Кыргызстанга расмий сапар менен келген Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин кеңейтилген курамдагы жолугушуусу өтүп жатат.
Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралууда.
Анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө басым жасалууда. Тараптар бул багыттардагы кызматташтыкты активдүү улантуу зарылдыгын белгилешти.
Жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен Пакистандын өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.