VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда этно-базар өз ишин баштады. Этно-базардан кыргыз элинин салттуу маданиятын жана кол өнөрчүлүгүн чагылдырган түрдүү буюмдарды көрүүгө болот. Анда улуттук кийим-кечелер, зер буюмдар, колго жасалган сувенирлер, шырдак, ала кийиз жана башка салттуу буюмдар коюлган.
Мындан тышкары, базарда заманбап ыкмада жасалган улуттук сувенирлер да элге сунушталууда.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда бир катар этномаданий иш-чаралар уюштурулуп, ата мекендик кол өнөрчүлөрдүн эмгектери кеңири көрсөтүлүүдө.