Садыр Жапаров: Кыргызстан үчүн Пакистан артыкчылыктуу өнөктөш
Новость

Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы ишенимдүү жана артыкчылыктуу өнөктөш катары карайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен болгон жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы Пакистандын эл аралык процесстердеги орду жана ролу акыркы жылдары кыйла өсүп жатканын белгиледи. Ошондой эле Шахбаз Шарифтин жетекчилиги астында өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, экономиканы өнүктүрүү жана эл аралык аренадагы аброюн жогорулатуу багытындагы аракеттерин жогору баалады. 

Президент кыргыз-пакистан мамилелеринде саясий мүнөздөгү чечилбеген маселелер жок экенин белгилеп, акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалог активдүү жана ырааттуу өнүгүп жатканын айтты.