Иран Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод куруу долбооруна катышууга даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Масуд Пезешкиандын Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагындагы жолугушуусунун жыйынтыгына таянып жазып чыгышты.
Ага ылайык, Иран Кыргызстандагы ишканага чийки мунай жеткирүүгө даяр. Ал эми өндүрүлгөн мунайзаттарын Кыргызстан менен Ирандын ортосунда бөлүштүрүү пландалууда.
Жолугушууда мындан тышкары транспорттук-логистикалык кызматташтык маселеси да талкууланды. Иран президенти Кыргызстан үчүн Бендер-Аббас портунда логистикалык борбор түзүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Садыр Жапаров Ирандын мунай чалгындоо компанияларын Кыргызстандагы долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.
Тараптар энергетика, транспорт жана соода-экономикалык багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.