Шахбаз Шариф: Кыргызстан менен соода жүгүртүүнү 200 млн $га жеткиребиз
Новость

Пакистан Кыргызстан менен орток соода жүгүртүүнү 200 млн. долларга жеткирүүгө үмүттөнөт. Бул тууралуу Пакистан Премьер-министри Шахбаз Шариф Бишкекке болгон расмий сапары учурунда билдирди. 

“Экономикалык кызматташтык биздин  негизги багыттарыбыздын бири болду. Учурда сөздөн аракетке өтүү боюнча да конкреттүү талкууларды жүргүздүк” - деди Шахбаз Шариф.

Ошондой Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Садыр Жапаров менен жолугушуу жана сүйлөшүүлөр абдан конструктивдүү өткөнүн белгиледи. 
“Биз эки тараптуу кызматташтыкты жана экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган бир топ документтерге кол койдук.  Азыркы учурда 16 млн. доллардык соода жүгүртүүбүздү эң төмөнкү чек болуп турат. Бирок мунун потенциялы абдан жогору. Азыркы кол коюлган документтер жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр жакынкы эки жылда орток соода жүгүртүү 200 млн.долларга чейин көтөрөт деген үмүттөбүз” – деди Пакистандын премьер-министри. 

Муну менен катар Шахбаз Шариф Пакистан Кыргызстан менен жалпы экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду колдоо жана ишке ашырууга даярдыгын, айтылган сөздөрдү тезирээк иш жүзүндө көрүүгө кызыктар экенин кошумчалады. 

“Экономикалык кызматташтык биздин  негизги багыттарыбыздын бири болду. Учурда сөздөн аракетке өтүү боюнча да конкреттүү талкууларды жүргүздүк”, - деди Шахбаз Шариф.