Бишкек шаарында бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча басма сөз үчүн билдирүү жасашты.
Президент Садыр Жапаров өз билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:
“Урматтуу Премьер-министр мырза,
Урматтуу делегация мүчөлөрү,
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,
Бүгүн биз маанилүү окуянын күбөсү болуп турабыз.
Биздин жергебизге Кыргызстандын маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү Пакистандын жогорку жетекчиси расмий сапары менен келип олтурат.
Учурдан пайдаланып, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри урматтуу Мухаммад Шахбаз Шариф мырзага чакыруумду кабыл алганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем.
Өткөн жылдын декабрь айында Пакистанга жасаган мамлекеттик сапарымдын уландысы катары Бишкекте Сиз менен кайрадан жолугушуп жатканыма өзгөчө кубанычтамын.
Баса белгилей кетсем, акыркы кыска мезгилдин ичинде кыргыз-пакистан мамилелери болуп көрбөгөндөй динамикага ээ болду.
Менин Пакистанга жасаган расмий сапарымдан кийин үстүбүздөгү жылдын июль айында Пакистандын Президенти, урматтуу Асиф Али Зардари мырза Кыргызстанда расмий сапары менен болду. Ал эми бүгүн урматтуу Премьер-министр Мухаммад Шахбаз Шариф мырзаны жылуу маанайда тосуп олтурабыз.
Жогорку деңгээлдеги байланыштардын мындай интенсивдүүлүгү өз ара ишенимдин жана кыргыз-пакистан мамилелерин сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга болгон жалпы умтулуубуздун айкын далили болуп саналат.
Бүгүнкү күндө эл аралык чыңалуу күчөп жаткан шартта достукту чыңдоо, өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү жана кызматташууну бекемдөө өзгөчө мааниге ээ.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
Бүгүн биз урматтуу Премьер-министр мырза менен боордоштук атмосферада мазмундуу жана натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкууладык.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биз Биргелешкен билдирүүгө кол койдук.
Бул саясий документ кыргыз-пакистан мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча жалпы көз карашыбызды чагылдырып, алдыдагы мезгилге кызматташтыктын негизги артыкчылыктарын аныктайт.
Мындан тышкары, өз ара аракеттенүүбүздүн кеңири багыттарын камтыган эки тараптуу документтердин олуттуу пакетине кол коюлду.
Биз ошондой эле эл аралык жана региондук күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкууладык.
Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюмунун, Шанхай кызматташтык уюмунун, Ислам кызматташтык уюмунун жана Экономикалык кызматташтык уюмунун алкагында салттуу түрдө тыгыз аракеттенип, мындан ары да эл аралык аянтчаларда үзгүлтүксүз саясий диалогду жана координацияны улантуу боюнча ак ниетибизди билдирдик.
Учурдан пайдаланып, Пакистанды Шанхай Кызматташтык Уюмунун төрагалык миссиясын алуусу менен куттуктайбыз жана колдоо көрсөтүүгө даярдыгыбызды билдиребиз.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
Экономика кыргыз-пакистан өнөктөштүгүнүн негизги таянычы болууга тийиш. Ошондуктан биз өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүү, соода номенклатурасын кеңейтүү жана инвестицияларды тартуу боюнча системалуу кадамдарды жасоону макулдаштык.
Биз фармацевтика, айыл чарба, энергетика, жеңил өнөр жай, туризм, санариптик экономика, виртуалдык активдер жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгыбызды билдирдик.
Сүйлөшүүлөрүбүздө транспорт жана логистика өзгөчө орунду ээледи.
Пакистандын деңиз порттору Кыргызстан үчүн Түштүк Азиянын рынокторуна, андан ары дүйнөлүк соода жолдоруна чыгуучу табигый жол болуп саналат.
Өз кезегинде, Кыргызстан Пакистан үчүн Борбордук Азиянын рынокторуна жана андан ары кеңири евразиялык мейкиндикке чыгуучу маанилүү транспорттук көпүрөлөрдүн бири боло алат.
Энергетика тармагында дагы өз ара аракеттенүүнү улантабыз.
Борбордук Азиянын энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн Түштүк Азиянын өсүп жаткан керектөөлөрү менен байланыштырган CASA-1000 долбоору өзгөчө мааниге ээ.
Биз бул багытта дагы кызматташууну күчөтөлү деп макулдаштык.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
Мамлекеттердин ортосундагы достуктун эң бекем пайдубалы элдердин ортосундагы байланыштар болуп саналат.
Бүгүн Кыргызстанда Пакистандын миңдеген студенттери, негизинен, медициналык адистиктер боюнча билим алууда.
Биз аларды элдерибиздин ортосундагы гуманитардык байланыштардын маанилүү бөлүгү катары карайбыз.
Бүгүнкү студенттер эртең өлкөлөрүбүздү көп жылдар бою байланыштырып турган дарыгерлер, адистер жана кесипкөй кадрлар болушат деп ишенем.
Илим, маданият, туризм, жаштар алмашуусу жана спорт тармагындагы кызматташтык эки тараптуу мамилелердин маанилүү бөлүгүн түзөт.
Ушуга байланыштуу Пакистандын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусун өзгөчө белгилегим келет.
Пакистан Оюндарга өзүнүн ири спорттук делегациясы менен катышууда. Муну биз салттуу спорт түрлөрүн сактоо жана жайылтуу боюнча жалпы демилгебизге көрсөтүлгөн урмат-сыйдын айкын көрүнүшү катары кабыл алабыз.
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,
Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кыргыз-пакистан кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө, эки элдин ортосунда достук көпүрөлөрүн курууга бекем негиз түзөт жана жетишилген макулдашуулар ырааттуу түрдө ишке ашырылат деп ишенем.
Урматтуу Премьер-министр мырза, менин чакыруумду кабыл алганыңыз жана кыргыз-пакистан мамилелерин чыңдоого кошуп жаткан жеке салымыңыз үчүн Сизге дагы бир жолу ыраазычылык билдирем.
Боордош Пакистан элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалайм.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат.”