Бүгүн, 2-сентябрда саат 19:00дө, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Дордой-Номад" комплексинде "NOMAD FEST" эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалынын расмий ачылыш аземи өтөт.
Фестиваль 2-5-сентябрь күндөрү уланып, кыргыз элинин бай көчмөн маданиятын, салт-санаасын, улуттук кол өнөрчүлүгүн, фольклорун, музыкасын, бийин жана заманбап этно-өнөрүн камтыган кеңири программа тартууланат.
Ачылыш күнүнүн кечки программасы «Манастын кырк чоросунун асман тулпарлары» аттуу театралдаштырылган пролог менен башталат. «Манас» эпосунун негизинде даярдалган композицияда баатырдык рух, биримдик жана кыргыз элинин тарыхый-руханий мурасы музыка, бий жана актердук оюн аркылуу даңазаланат.
Ошондой эле фестивалдын алкагында «Этно-мода», «Этно-бий», «Көчмөн – жылдыздар» жана «Элдик кол өнөр» багыттары боюнча чыгармачылык конкурстар өтөт.
Өткөн жери: «Дордой-Номад» комплекси
Күнү: 2-сентябрь, 2026-жыл
Башталышы: саат 19:00