Көчмөндөр оюндарында майыптыгы бар адамдар үчүн колдоо пункттары иштеп жатат
Новость

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү консультациялык жардам көрсөтөт. 

Адистер конокторго иш-чара өтүп жаткан аймакта багыт алууга, керектүү жерди табууга, консультациялык жардам алууга жана жүрүп-турууда көмөк көрсөтүүгө жардам беришет. Аларды логотиби бар атайын жилеттеринен таанып билүүгө болот.
Тиешелүү тармак 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин иш-чаралар өтүп жаткан жайларда иштешет.