"Көчмөндөр санаты" эл аралык фестивалы бүгүн расмий ачылат
Новость

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалы бүгүн старт алат.  Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маданий иш-чара, бүгүн 2-сентябрда саат 16:00дө, Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык борборунда расмий ачылат.
Маалыматка караганда, 2–5-сентябрга пландалган фестиваль дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген салттуу музыка өкүлдөрүн, музыканттарды, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү жана устаттарды бириктирет.

Эл аралык сынакка 77 катышуучу — Кыргызстандан 17, чет өлкөлөрдөн 60 өнөрпоз катышууда. Ал эми фестивалдын илимий программасына дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн окумуштуулар катышат.

Программада эл аралык сынак, илимий-практикалык конференция, мастер-класстар, чыгармачылык музыкалык баарлашуулар, концерттер жана жыйынтыктоочу Гала-концерт каралган.