VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында, Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жайгашкан “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасында Баткен облусунун “Баткен” Ордосу курулуп, конокторду кабыл алууда.
“Баткен” Ордосу аркылуу келген коноктор Баткен жергесинин бай тарыхы, салттуу жашоо-турмушу, каада-салты, үрп-адаты, улуттук баалуулуктары жана кол өнөрчүлүгү менен жакындан тааныша алышат.
“Баткен” ордосу Баткендин өзгөчөлүгүн чагылдырган улуттук жасалгалар менен кооздолуп, өрүкзарлары жана Айгүл гүлүнүн элеси камтылган көркөм композициялар менен жасалгаланган.
Мындан тышкары, аймактын кол өнөрчүлөрүнүн эмгектери, улуттук тамак-аштары жана Баткендин туристтик мүмкүнчүлүктөрү кеңири тааныштырылат.
Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиеванын жетекчилиги алдында, облустун уюштуруу тобу тарабынан акыркы даярдык иштери жүрүүдө.





