Төрага Марлен Маматалиев: “Өлкөбүздө жаңылануулар арбын, аны мындан ары да жигердүү улантышыбыз керек”
Новость

Бүгүн, 2-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясы ачылды.

Жыйынды ачып жатып Төрага Марлен Маматалиев өлкөдөгү өзгөрүүлөргө жана жетишкендиктерге кеңири токтолду.

Анын ичинен мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши менен билим берүү, саламаттык сактоо, жол-транспорт тармактарында жана башка социалдык багыттарда мурда болуп көрбөгөндөй жаңылануулар жүргүзүлүп жатканын айткан Төрага 2021–2025-жылдары республика боюнча жалпы 673 билим берүү объектисинин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктаганын кошумчалады. 

Ал эми 2026-жылдын 31-августуна карата 56 билим берүү объектисинде жумуштар толугу менен бүткөрүлгөнүн белгилеген Төрага жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектиси ишке берилерин маалымдады.

Андан тышкары, 2021–2025-жылдары республикалык бюджеттин жана башка булактардын эсебинен 21 саламаттык сактоо объектисинин курулушу аяктап, быйылкы жылдын аягына чейин дагы 40 медициналык жай салынарын билдирди. 

Ошону менен катар Төрага миңдеген чакырым жолдор жаңыланып жатканын айтып: “Бул жөн гана сандар эмес. Ар бир жаңы мектеп — балдарыбыздын келечеги. Ар бир медициналык мекеме — адамдын өмүрү жана ден соолугу. Ар бир чакырым жол — аймактардын өнүгүүсү жана экономиканын жаңы мүмкүнчүлүгү”,– деди. 

Мындан сырткары, стратегиялык маанидеги ири долбоорлор тууралуу да сөз кылган Марлен Маматалиев: “Алардын эң маанилүүлөрүнүн бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Бул долбоор Кыргызстандын транспорттук көз карандысыздыгын бекемдөөгө, транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Ал эми Балыкчы–Кочкор темир жолу өлкөбүздүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө жаңы барак ачууда”, – деди. 

Муну менен бирге Төрага “Бишкек Арена”, “Ырыс Ордо” өңдүү ири курулуштар тууралуу да кеп кылып: “Бул объектилер жөн гана жаңы имараттар эмес. Алар мамлекетибиздин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейгенинин, Кыргызстандын алдыга карай ишенимдүү кадам таштап жатканынын көрсөткүчү”, – деп кошумчалады. 

Мамлекеттин эл аралык байланыштары боюнча да пикирин айткан Марлен Маматалиев: “Кыргыз Республикасы биринчи жолу Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Бул Кыргызстан үчүн чоң дипломатиялык жетишкендик жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик”, – деди.

Ошондой эле Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, анын ичинде «ШКУ плюс» форматындагы иш-чаралар ийгиликтүү уюштурулуп, ушул күндөрү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кызуу өткөрүлүп жатканын да мисал кылды. Буга кошумча Ысык-Көлдө суу үстүндөгү «Формула-1» (F1H2O) дүйнө чемпионаты да ийгиликтүү болгонун белгиледи. 

“Өлкөбүздө жүрүп жаткан мындай масштабдуу өзгөрүүлөр Жогорку Кеңешке дагы өзгөчө жоопкерчилик жүктөйт. Биз мыйзам чыгаруу, парламенттик көзөмөл жана өкүлчүлүк аркылуу өлкөбүздүн өнүгүүсүнө түздөн-түз катышууга тийишпиз. Мыйзамдын сапаты, анын аткарылышы жана эң негизгиси жарандарыбыздын күнүмдүк жашоосуна тийгизген оң таасири биздин ишибиздин башкы көрсөткүчү болушу кажет”, – деди. 

Андан тышкары Төрага жерлерди ижарага берүү маселеси тууралуу айтылган жагдайлар боюнча да пикирин билдирип, бул багытта жаңы мыйзам долбоору келбегенин, учурда 1992-жылдары кабыл алынган мыйзамдар гана колдонулуп жатканын кошумчалады.