Кырчын жайлоосунда узундугу 80 сантиметр, диаметри 1,5 метр болгон элечектин жүрүшү өттү
Новость

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 3-күнү Кырчын жайлоосунда уланууда. Иш-чаранын алкагында кыргыз элинин салт-санаасын жана көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган бир катар маданий иш-чаралар өтүп жатат.

Кырчын жайлоосунда көчмөн аялзатынын улуттук баш кийими — элечектин жүрүшү уюштурулду. Өзгөчө форматтагы жүрүшкө узундугу 80 сантиметр, диаметри 1,5 метр болгон элечек көтүрүп жүрүштү. Аны даярдоого жалпы 40 метр кездеме сарпталган.

Элечек жүрүшү кыргыз элинин улуттук мурасын, каада-салтын жана аялзатынын маданияттагы ордун даңазалоого багытталды. 

Ошондой эле Кырчын жайлоосунда Кыргызстандын эки шаары жана жети облусунун көчмөн айылдары уюштурулуп, анда көчмөн цивилизациясынын тарыхый жана маданий элементтери кеңири тартууланууда.

Көчмөн айылдарда улуттук кол өнөрчүлүк, каада-салт, улуттук оюндар жана кыргыз элинин бай маданий мурасы эл аралык конокторго жана иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүлүүдө.