Кыргызстан - көчмөн цивилизациялардын борбору: чет элдик журналисттер кыргыз мурасы менен таанышты
Новость

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда маданий иш-чаралар өтүп, чет өлкөлүк коноктор жана эл аралык ЖМК өкүлдөрү кыргыз элинин бай мурасы, салттуу көчмөн жашоо-турмушу жана улуттук өзгөчөлүктөрү менен таанышты.

Маданий программада кыргыздын улуттук көчмөн цивилизациясын таанытууга өзгөчө көңүл бурулууда. Коноктор боз үйлөрдү, көчмөндөрдүн күнүмдүк турмушунда колдонулган буюмдарды, кол өнөрчүлүк үлгүлөрүн, улуттук кийимдерди жана ат оюндарынын элементтерин көрүштү.

Музыка, улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштар жана салттуу жөрөлгөлөр аркылуу Кыргызстан көчмөндөрдүн жашоо образын дүйнөгө көрсөтүүдө. Бул мурас тарыхтын бир бөлүгү гана эмес, өлкөнүн азыркы маданий мейкиндигинин да маанилүү бөлүгү катары сунушталды. 

Иш-чаралардын өзгөчө көркүн улуттук кийим кийген кыргыз жигиттери менен кыздары, кыргыз чеберлеринин эмгектери, улуттук өнөр жана кыргыз кыздарынын сулуулугу ачып турат. Бул көрүнүштөр чет элдик конокторго Кыргызстандын улуттук жүзүн жакындан таанууга мүмкүнчүлүк берди.