Көк бөрү боюнча мелдештердин алгачкы жыйынтыгы
Новость

Бүгүн, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк-бөрү боюнча мелдештер башталды.

Мелдештин алгачкы күнүндө жалпы үч оюн өткөрүлүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар болду:
Орусия - 9:3 Өзбекстан
Кыргызстан - 15:7 -  АКШ
Тажикстан - 22:4 - Венгрия

Оюндун жыйынтыгы боюнча Орусия, Кыргызстан жана Тажикстан курамалары жеңишке жетишти.