Казакстан "Көчмөндөр жүрүшү" ат марафонунун алгачкы 50 чакырымында алдыга чыкты
Новость

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр жүрүшү" эл аралык ат марафонунун биринчи этабы жыйынтыкталды. Биринчи күнү катышуучулар жалпы 300 чакырымдык аралыктын 50 чакырымын басып өтүштү.

Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча Казакстандын командасы алдыда келе жатат. Экинчи орунда "Ала Тоо” командасы (Кыргызстан) үчүнчү орунда “Ысык-Көл”(Кыргызстан) командасы келе жатат.

Катышуучуларды алдыда дагы 250 чакырымдык жол күтөт.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 300 чакырымдык ат марафону биринчи жолу өткөрүлүп жатат.