Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында 240 орунга ылайыкталган боз үй шаарчасын куруу иштери жүрүп жатат.
Учурда болочок боз үйлөрдүн пайдубалдары даярдалып, айрым тилкелерде конструкцияларды орнотуу башталды. Курулуш иштери бир нече тилкеде катар жүргүзүлүүдө.
Боз үйлөр заманбап шарттар менен жабдылып, жыл бою конокторду кабыл алууга ылайыкташтырылат. Ар бир боз үйдө жылытуу системасы, душ, даараткана жана жашоо үчүн зарыл болгон башка ыңгайлуулуктар каралган.
Курулуш иштери бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүдө.
