Максат Асаналиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды
Новость

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Максат Кубатович Асаналиев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Мамлекет башчысы тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кол койгон.

Ошондой эле Максат Асаналиев буга чейин өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан бошотулду.