Кырчындагы кочкор жарыш: Арашандын ээси унаа утуп алды
Новость

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий-көңүл ачуучу программанын жүрүшүндө арашан тукумундагы эң чоң кочкор тандалды. Жеңүүчү болуп Нурлан Медетов табылып, анын кочкорунун салмагы 187 килограммды түздү.

Жеңүүчү кочкордун ээсине унаа, кубок жана медаль тапшырылды.

Арашан — эт-май багытындагы кыргыз кой породасы. Ал ири дене түзүлүшү жана салмагынын оордугу менен айырмаланат. Акыркы жылдары бул порода фермерлер арасында өзгөчө популярдуу болуп, айрым асыл тукум арашан кочкорлорунун баасы ондогон, атүгүл жүз миңдеген долларга чейин жетет.