Эсеп 12:4. Кыргызстан көкпардан Өзбекстанды утту
Новость

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча мелдеште Кыргызстандын курама командасы А тайпасында өзбекстандык атаандаштарын 12:4 эсебинде жеңди.

 Буга чейин Кыргызстан Монголияны 12:1, Өзбекстан болсо Ооганстанды 4:1 эсебинде жеңген.

 Ошентип, эки турдун жыйынтыгы менен кыргыз курамасы алты упай топтоп А тайпасында лидери бойдон калууда. 

 B тайпасында биринчи турдан кийин үч упай менен Венгрияны 11:1 эсеби менен жеңген Орусиянын курама командасы алдыда турат.

 Тайпалык этаптын акыркы турунда 4-сентябрда Кыргызстандын курама командасы  Афганистан менен ойнойт.

 Белгилей кетсек, көкпар мелдешине 7 команда катышып, алар эки тайпага бөлүнгөн.