VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында “Көчмөндөр даамы” республикалык улуттук ашкана сынагы өттү.
Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, сынакта улуттук тамак-аштар аркылуу аймакта кылымдардан бери калыптанган тамак-аш маданияты, салт-санаасы жана жашоо образы кеңири чагылдырылган. Ар бир даамдын даярдалышы өзүнө таандык ыкмаларга, жергиликтүү азык-түлүктөргө жана муундан-муунга өтүп келген салттуу тажрыйбага негизделет.
Сынак көчмөн элдердин улуттук тамак ашын сактоо, жайылтуу жана өнүктүрүү максатын көздөйт.