Новость

Бүгүн, 3-сентябрда “Газпром” дене тарбия ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында самбо күрөшү боюнча  мелдештер өттү. Балбандардын беттеши 3 салмактык ченде өтуп, 79кг чейинки чен салмакта күрөшкөн мекендешибиз Феликс Уланбеков биринчиликти багынтты.

 Мелдешке дүйнөнүн 20 мамлекетинен  келген 42 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
64кг чейин:
1-орун- Денис Яковлев (Россия)
2-орун- Урунлие (Кытай)
3-орун- Жандос Бейшенбаев (Казакстан)


79кг чейин:
1-орун Уланбеков Феликс (Кыргызстан)
2-орун Уладзислау Мардусеевич (Беларусия)
3-орун Мунхабаяр Нергул (Монголия)


98кг жогору:
1-орун Болат Сапар(Казакстан)
2-орун Зуфарбек Уралов (Өзбекстан)
3-орун Глеб Позахирко (Россия)