VI ДКО: Самбо боюнча кыргыз балбаны алтын тагынды
Новость

Бүгүн, 3-сентябрда “Газпром” дене тарбия ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында самбо күрөшү боюнча  мелдештер өттү. Балбандардын беттеши 3 салмактык ченде өтуп, 79кг чейинки чен салмакта күрөшкөн мекендешибиз Феликс Уланбеков биринчиликти багынтты.

 Мелдешке дүйнөнүн 20 мамлекетинен  келген 42 спортсмен катышты.

 Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

64кг чейин:

1-орун- Денис Яковлев (Россия)

2-орун- Урунлие (Кытай)

3-орун- Жандос Бейшенбаев (Казакстан)

 79кг чейин:

1-орун Уланбеков Феликс (Кыргызстан)

2-орун Уладзислау Мардусеевич (Беларусия)

3-орун Мунхабаяр Нергул (Монголия)

 98кг жогору:

1-орун Болат Сапар(Казакстан)

2-орун Зуфарбек Уралов (Өзбекстан)

3-орун Глеб Позахирко (Россия)